Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстанга качан кайтып келери айтылды
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жакын арада Кыргызстанга кайтып келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Рыскелди Момбеков SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда билдирди.
"Учурда анализдерин тапшырып жатат. Кандай жаңы ооруларга чалдыкканы, илдети кандай өөрчүгөнү тууралуу дегендей. Менин билишимче, анын визасы августка чейин узартылган. Август айына чейин дарыланам деп жатат. Бирок менимче, ага чейин эле жакын арада келсе керек. Эми ага чейин дагы телефон аркылуу байланышып турабыз да", - деди Момбеков.
Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыз.
Эске салсак, 14-февралда Алмазбек Атамбаев ага карата козголгон "Батукаев иши" Жогорку Сот тарабынан кыскартылып, эркиндикке чыккан. Сот ошондой эле ага ден соолугуна байланыштуу чет жакка чыгууга уруксат бергени маалым болгон.
Атамбаев анын эртеси эле дарылануу үчүн Испанияга Дубай аркылуу учуп кеткен.
?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>

