Борбор калаанын Манас кең көчөсүндө коюлган мыйзамсыз жеңил күркөлөр алынууда. Бузуу иштери Ахунбаев көчөсүнө чейин жүрөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Алардын айтымында, кирүү топтору, жарнамалык конструкциялар, архитектуралык чийинден өтүп кеткен, мыйзамсыз жеңил күркөлөрүн коюп алган объекттер буздурулууда.
Маалыматка ылайык, мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин жана Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси Уран Мусаевдин көзөмөлүндө бузуу иштери жүргүзүлүүдө.
Учурда Токтогул көчөсүнөн Манас кең көчөсүн бойлой бузуу иштери жүрүп жатат.