Бишкектиктер ВИЧке акысыз текшерүүдөн өтө алат

Бишкек шаарынын базарларында АИВке (ВИЧ), вирустук гепатиттерге жана сифилиске акысыз тестирлөөдөн өтүүгө болот. Бул тууралуу Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору маалымдайт.
Иш-чара диагнозду эрте аныктоо, дарылоо жана маалымдуулукту жогорулатуу максатында өткөрүлүүдө.
Кабыл алуу мобилдүү дарылоо-профилактикалык клиниканын (МДПК) базасында жүргүзүлөт.
Бардык каалоочулар үчүн:
§ алгачкы консультацияны алуу;
§ АИВке (ВИЧ), вирустук В жана С гепатиттерине, сифилиске экспресс ыкмасы аркылуу тестирлөөдөн өтүү;
§ терапевттин консультациясын алуу мүмкүнчүлүктөрү бар.
Тестирлөө өткөрүүнүн графиги жана орду:
§ "Ош-базары" соода комплекси– 22-майдан 26-майга чейин;
§ "Дордой-Дыйкан" соода комплекси– 29-майдан 31-майга чейин;
§ "Сары-Өзөн" соода комплекси – 1-июндан 5-июнга чейин;
§ "Аламүдүн базары" соода комплекси – 5-июндан 9-июнга чейин.

