super.kg logo

Камчыбек Ташиев "Батуми" кафесинин ишин кайра карап чыгууну тапшырды

 

Бүгүн, 25-майда УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Бишкек мэриясы тарабынан буздурулган "Батуми" тамактануучу жайына барды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкектеги буздурулган “Батуми” кафесине барып, окуя менен жеринде таанышып келген.

Анда "Батуми" кафесинин ээси Кадича Бечелова расмий эскертүү берилбегенин, буздуруу боюнча сот чечими жок экенин айтып, УКМК төрагасына даттанган.

Ташиев тийиштүү мекемелердин кызматкерлерине аталган иштин чоо-жайын толук аныктап, мыйзам чегинде кайрадан карап чыгууну, эгерде бузуу мыйзамсыз болсо күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды.

Мындан тышкары, кандай гана жагдай болбосун, өзгөчө жөнөкөй жарандар мыйзамсыз түрдө жабыркап калбашы керектигин эскертти.

Эске сала кетсек, 24-майда Бишкек мэриясы Тыналиев көчөсүндөгү жалпы аянты 1300 чарчы мертди түзгөн “Батуми” кафеси буздурулуп жаткандыгын билдирип, окуяга байланыштуу комментарий берген болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: