Исмаил Исаков “Кыргызстан “Финкадан” кредит алган аялдай эле болуп калды” дейт

Жогорку Кеңеште Бишкек шаарына дагы бир Жылуулук электр борборун куруу үчүн Кытайдан 386 миллион сом насыя алууга багытталган мыйзам долбоору каралууда. Айрым депутаттар долбоордун кемчилиги катары тышкы карыздын өсүп жатканын айтышты. “Муну алсак тышкы карызыбыз 3,5 миллиард доллар болот”,- деди Кенжебек Бокоев.
Ал эми Исмаил Исаков: “Кыргызстан “Финкадан” кредит алган аялдардай эле болуп калды. Карызды аларын алып алып, четинен качып кетишүүдө”,- дейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

Рейтинг:
0

