super.kg logo
  Саясат  

Президент миграция чөйрөсүн ЕАЭБде “төрт эркиндикти” камсыздоонун алкагында маанилүү багыт деп атады

 

Биримдикте “төрт эркиндикти” камсыз кылуунун алкагында жагымдуу шарттарды түзүү жолундагы эң маанилүү багыт миграция чөйрөсү болуп саналат”, - деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-майда Москва шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кеңири курамдагы жыйынында сүйлөп жатып.

Мамлекет башчысы Биримдиктин иштеген жарандары ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин кайсынысынын аймагында болбосун эмгек укуктарын ишке ашыруу үчүн жеңилдетилген шарттарга ээ болушу керектигин белгиледи.

Садыр Жапаров заманбап технологиялар жарандарыбыздын жумушка орношкон учурда талап кылынган административдик жол-жоболордон өтүүсүн кыйла жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берерине көңүл бурду. Жарандарга башка өлкөдө ишке орношуу үчүн зарыл болгон иш-аракеттерди электрондук форматта, анын ичинде жарандыгы болгон өлкөдө болуп жасоо мүмкүнчүлүгүн берүү зарыл.

Биринчи кадам катары Орусия Федерациясында болуу үчүн кеткен жумушчунун өз өлкөсүндө өткөн медициналык текшерүүлөрүнүн жыйынтыгын “Ковидсиз саякаттайм” тиркемесине окшоштуруп таануу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу сунушталууда”, - деп белгилеген Садыр Жапаров, анын функцияларын кеңейтип, жаңы муктаждыктар үчүн колдонууну сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: