super.kg logo
  Саясат  

Бакыт Төрөбаев Кыргызстан кытай ишкерлери үчүн ыңгайлуу шарт түзөрүн айтты

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон иш сапарынын алкагында “Huahe international” компаниясынын башкы директору Лю Чуаньу менен биргеликте Кыргызстанда түзмө-түз иш алып барууга кызыккан 30дан ашуун кытай ишкерлеринин катышуусундагы “Кыргызстан-Кытай” бизнес жолугушуусуна катышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Төрөбаев эки өлкөнүн экономикасына салым кошкон ишкерлер үчүн Кыргызстан кытай ишкерлерине ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ар кандай тармактагы ишкерлик чөйрөсүндөгү презентациялар көрсөтүлүп, аны менен бирге сунуштар жана инвестициялык долбоорлор каралып чыкты.

Анын жыйынтыгы менен Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен “YEMA GROUP., LTD” компаниясынын ортосунда “Кыргыз-кытай соода борборун түзүү жөнүндө” меморандумга кол коюлду.

Ошондой эле иш сапардын алкагында Бакыт Төрөбаев Үрүмчү шаарындагы Чжунтай корпорациясынын, Эл аралык кургак портунун жана Эл аралык базардын жетекчилиги менен жолугуп эки тараптуу энергетика, соода, транспорт, айыл чарба жана жеңил өнөр жай тармактарында сүйлөшүү жүргүздү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: