super.kg logo

"Катаал жазага тартабыз". Ташиев бир нече аткаминерлер кармаларын айтты

 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Region телеканалындагы интервьюсунда жакынкы күндөрү бир катар аткаминерлерди кармап, аларга катаал жаза колдонорун айтты.

Атайын кызматтын башчысы өз сөзүндө өлкөдө мындан ары бандиттик топтор, каракчылар, шылуундар, элдин "канын соргондор", мамлекетти ири суммадагы акчага алдагандар болбошу керектигин белгиледи.

"Мындай кылмышты кылгандар боюнча каржы жана банк тармагында, Финансы министрлигинде маселе көп көтөрүлүп жатат. Азыр эле бул маселе боюнча карап келдим. Биз бүгүн-эртең айтабыз, чоң чиновниктерди кармайбыз. Элдин акчасын колуна кармап, бирок аны туура эмес, натыйжасыз, жеке максаттарына жумшаган чиновниктерди, каржы тармагындагы мамлекеттик кызматкерлерди жоопко тартабыз, тартканда да катаал жазага тартабыз. Эми коррупция менен күрөшүүнүн экинчи этабында мурдагыдай кармап, кайра чыгарбайм, катуу чараларды колдоном", - деди Ташиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: