Улуттук банк алтын куймаларды биржага сатууга чыгарды
Кыргызстандын Улуттук банкы алтын куймаларды биржага сатууга чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда аталган банктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Улуттук банк "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коому менен биргеликте "Кыргызалтын" даярдаган салмагы 10 900 граммдан 13 400 граммга чейинки аффинаждалган алтын куймаларын соода аянтында сатууну баштады.
"Бул Кыргызстандын ички рыногунда баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү, анын ичинде зергерчилик тармагын чийки зат менен камсыздоо жана баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүнү арттыруу максатында жасалып жатат", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Арсланбек Малиев, Надира Нарматова жана Динара Ашимова өткөргөн маалымат жыйында Швейцариядагы UBS AG коммерциялык банкында 1362,03 килограмм кыргыз алтыны бар экендиги, ошондой эле бүгүнкү күндө алтындын жалпы кору болжол менен 47 тоннаны түзөрү айтылган.


