super.kg logo

"Балким, депутат башка катмарда жашап жүрөт". Журналист Сооронбаева депутат Осмоновго жооп берди

 

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын сөз эркиндигине арналган жыйынында депутат Айбек Осмонов көйгөйлөрдү гана көтөрүп, бир жактуу маалымат бере берген Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) жабылып калышы мүмкүн экенин билдирди.

Эл өкүлү сөз эркиндигинен пайдаланып аша чапкандар да бар болуп жатканын белгилеп, аларды тартипке чакыруу керектигин айтты.

"Бизде чындыгында негатив көбөйүп кетти. Туура, ар бир адам өз оюн билдирүүгө укугу бар. Болгону, ЖМКлар, ошолорду карап койсоңуздар деген мааниде айттым. Эгерде ЖМК бирдиктүү боло бере турган болсо келечекте жабылып да калышы мүмкүн. Ар түрдүү болуш керек”, - деди Осмонов.

Ага журналист, фактчекер Асел Сооронбаева кесипкөй журналисттер этиканы сактап, принциптерди карманарын билдирди. Ал көйгөйлүү макалалардын көпчүлүгү мамлекеттик органдар берген расмий маалыматтын негизинде жазылып, жарыяланарын белгиледи.

“Биз журналисттер эмне жазып жатканын, бир күндүн ичинде кандай макалалар чыгып жатканын изилдеп, анализдеп чыкканбыз. Ошонун 70 пайызы мамлекеттик органдардын пресс-релиздери болуп чыккан. Ошол эле УКМКнын, ИИМдин “зордукталды”, “уурдалды”, “кылмышкер кармалды” деген өңдүү. Журналисттер болгону ошону эле чагылдырып жатат да. Же журналисттер оюнан чыгарып жазып жатышабы?" - деди Сооронбаева.

Ошондой эле ал социалдык тармактагы колдоонучулар арасындагы кайым айтышуулар, бири-бирине карата агрессия көрсөтүп, негативдүү комментарийлерди жазууларына, жакырчылыктын да таасири бар экенин кошумчалады.

"Улуттук статистика комитетинин цифраларын жокко чыгара албайбыз да. Балким депутат башка катмарда жашап жүрөт. Колунда жок адамдар менен баарлашпай жүргөндүр. Карапайым элдин көйгөйүн түшүнбөй жүргөндүр. Алар өздөрүнүн агрессиясын социалдык тармактардан чыгарып жаткан чыгар" - деди журналист.

Мындан сырткары "Медиа Полиси институту"" уюмунун юристи Нурбек Сыдыков 15-майда коомдук талкууга чыгарылган ЖМК жөнүндөгү мыйзам долбооруна журналисттер коомчулугунан турган жумуш тобунун сунуштары кирбей калганын, эгер ал азыркыдай редакцияда кабыл алынса "сөз эркиндигине терс таасирин тийгизерин" айтты.

"Кыргызстандагы сөз эркиндигинин Конституциядагы кепилдиктери жана учурдагы түзүлгөн кырдаал" деген бул жыйынга бир катар Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери, медиа-эксперттер, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.






Жогорку Кеңеш 26.05.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: