super.kg logo

"Батуми" кафесин буздурган вице-мэр келтирилген зыянды төлөмөй болду

 

Вице-мэр Нурдан Орунтаевге “Батуми” кафесин бузууда кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, чыгымдарды төлөп берүүгө милдеттендирилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, “Батуми” кафесинин ээси тарабынан муниципалдык менчикти пайдалануу чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдардын талаптарын бузуулар аныкталды. Алар тиешелүү ижара келишими жок айланасындагы муниципалдык унаа токтотуучу жайды негизсиз пайдаланышкан.

"Бул иште Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевдин да мыйзамсыз аракеттери аныкталды. Ал кафенин конструкциясын бузуп, мүлкүн алып салуунун ордуна ээсинин мүлкүн түз жок кылуу жолу менен демонтаждоону уюштурган. Ошол себептен мэрдин орун басары жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтурууну өзүнө алды. Имаратты бузуунун натыйжасында үч миллион сомдон ашык зыян келтирилген", - деп айтылат маалыматта.

Нурдан Орунтаев келип туруу убадасы менен бошотулду. Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аткаминерге мындан ары кызмат адамы тарабынан жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузган мыйзамсыз аракеттерге жол берилбестигин эскерткени кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.05.2023. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Вой блиин ушинтип отурсанар ким иштемек эле вице мэр өтө сонун иштеп аткан болчу. Бизде акыйкат жок экен.
26.05.2023. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ташиев реально тормоз экен башта айтса ишенбейт элем
26.05.2023. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташиев жакшы иштеп атат мыйзамсыз болсо мерия толоп берет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: