super.kg logo

Жалпы энергетикалык коопсуздук системасы ЕАЭБдин энергетикалык ресурстардын жалпы рынокторун түзүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири

 

Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин энергетикалык тутумдары өзүнүн өзгөчөлүктөрүнө ээ жана генерациялоочу кубаттуулуктун, энергетикалык инфраструктуранын эскиришинин жалпы көйгөйүнө туш болууда.

Электр энергиясынын жана энергетикалык ресурстардын жалпы рыногун түзүү менен Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттер энергетикалык ресурстар менен өзүн-өзү камсыздай алат. Мындай пикирге ЕАЭБ өлкөлөрү II Евразиялык экономикалык форумдун алкагында өткөн "Энергетикалык коопсуздук жана экономикалык өсүш" сессиясынын жыйынтыгында келишти.

Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча коллегия мүчөсү Арзыбек Кожошев Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин жалпы көйгөйү бир экенин айтат.

"Албетте, биздин бирикмеге кирген бардык өлкөлөр үчүн жалпы көйгөйлөр бар. Көйгөй - генерациялоочу жана электр тармактарынын жабдууларынын эскиришинде", - дейт ал.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, пландуу тапшырмалардын аткарылышы өлкөнү электр энергиясы менен камсыз кылат.

"Биздин өлкө суу ресурстарына бай, бирок климаттык шартка байланыштуу мезгил-мезгили менен электр энергиясы тартыш болуп турат. Учурда биздин электр энергиясынын таңкыстыгы коңшу өлкөлөрдөн жана ЕАЭБге кирген өнөктөш өлкөлөрдөн келген импорттун эсебинен жабылууда. Бизде электр энергиясын иштеп чыгууга жана кеңейтүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Биз иштеп жаткан ГЭСтерди модернизациялап, жаңыларын курабыз. Пландуу тапшырмалардын аткарылышы өлкөнүн калкын жана эл чарбасын энергия менен камсыз кылат", - дейт ал.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: