super.kg logo

Нурдан Орунтаевди колдоп пикетке чыккан аялга карата кылмыш иши козголду

 

Бүгүн, 26-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратынын алдына вице-мэр Нурдан Орунтаевди колдоп жеке пикетке чыккан Назира Муканбетовага кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо органдарындагы өздүк булактар ​​билдирди.

Анын коомдук тартипти бузганы кабарланды. Ал Г.Ч аттуу жарандын жанынан өтүп бара жатып оозеки чыр-чатак чыгып, ага карата физикалык күч колдонгон.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери чакырылганы айтылды.

Эки аял тең Биринчи Май РИИБинин милиция башкармалыгы бөлүмүнө жеткирилип, Г.Ч.нын арызынын негизинде Муканбетовага карата Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") боюнча иш козголгон.

Экспертизалар жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, 24-майда Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев милиция кызматкерлери жана муниципалитеттин кызматкерлери менен биргеликте Жал кичирайонунда жайгашкан «Батуми» кафесин бузуп салган.

Орунтаевдин айтымында, кафе мыйзамсыз курулган жана жерди ижарага алуу келишиминин мөөнөтү бүтүп калган.

Кафенин имаратынын сүрдүрүлүшүнө байланыштуу Бишкек шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголуп, Нурдан Орунтаев УКМКга суракка чакыртылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: