Саламаттык сактоо министрлигине 6 унаа жана медициналык жабдыктар тапшырылды










Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Транспорттогу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна медициналык жабдууларды, унааларды, оргтехникаларды жана формалар тапшырылды.
Жабдууларды тапшыруу салтанатына Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вондже, саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев, Санитардык-эпидемиологиялык борбордун жетекчиси Рыспек Сыдыгалиев, ошондой эле Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы миссиясынын башчысы Зейнал Гаджиев катышты.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, унаа, медициналык жабдыктар Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин ( KOICA ) "COVID -19 жана башка жугуштуу ооруларга каршы күрөшүү, Кыргызстанда саламаттыкты сактоону жана чек ара көзөмөлүн күчөтүү" долбоору тарабынан каржыланды.
Долбоор Кыргызстанга кирүү пункттарына зарыл болгон жабдуулар менен камсыздоого жана санитардык карантиндик пункттардын кызматкерлеринин жаңы пайда болгон эпидемиологиялык өзгөчө кырдаалдарга эффективдүү чара көрүү потенциалын жогорулатууга багытталган.

