Ленин округунун шайлоочулары активдүү добуш беришүүдө





Бүгүн, 28-май күнү Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо өтүп жатат.
Бишкектеги Ленин районунда жайгашкан шайлоо тилкесинде добуш берүү саат 8:00дө гимн менен башталды.
Аталган №1013 шайлоо тилкесинде добуш берүүчүлөрдүн саны көбөйүүдө.
Белгилей кетсек, Бишкектеги № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 29 талапкер ат салышууда. Район боюнча добуш берүү үчүн 51 шайлоо тилкеси уюштурулган.
Эске салсак, 2021-жылкы парламенттик шайлоодо Ленин округунан эң көп добуш алып, депутат болгон Жаныбек Абиров 12-мартта мушташка катышканы белгилүү болгон. Мушташтан жабыркаган жаран Улуттук госпиталга жаткырылган.
Бул кадамы үчүн Абиров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элден кечирим сураган.
Ал эми 15-мартта Жогорку Кеңеш Жаныбек Абировго карата кылмыш ишин козгоого макулдук алуу үчүн Башкы прокурор киргизген сунушту карап, атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.
27-мартта Жаныбек Абиров жоопкерчиликти сезип жатканын айтып, депутаттык мандатын тапшыра тургандыгын билдирген. Анын арызы БШКда каралып, Абиров мандатынан ажыратылган.

