№1013 шайлоо тилкесинде алгачкылардан болуп 63 жаштагы жаран добуш берди






Бүгүн, 28-май күнү Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат.
Ленин районунда жайгашкан №1013 шайлоо тилкесинде добуш берүүгө алгачкылардан болуп 63 жаштагы Жанышбек Исаков келди. Ал бул шайлоодо татыктуусу жеңип, мыкты иштеп берерине ишенимин билдирди.
“Өзүм пенсионермин. Укугумдан пайдаланып таң эрте шайлоого келдим. Ишенген талапкериме добушумду берип чыктым. Келечекке чоң кадам таштап, мыкты иштеп берет деген үмүттөмүн”, - дейт ал.
Аталган шайлоо тилкесинде 2 миң 420 шайлоочу бар.
Добуш берүү процесси өз нугунда жүрүп, техникалык мүчүлүштүктөр жаралган жок.
Белгилей кетсек, Бишкектеги № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 29 талапкер ат салышууда. Район боюнча добуш берүү үчүн 51 шайлоо тилкеси уюштурулган.
Эске салсак, 2021-жылкы парламенттик шайлоодо Ленин округунан эң көп добуш алып, депутат болгон Жаныбек Абиров 12-мартта мушташка катышканы белгилүү болгон. Мушташтан жабыркаган жаран Улуттук госпиталга жаткырылган.
Бул кадамы үчүн Абиров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элден кечирим сураган.
Ал эми 15-мартта Жогорку Кеңеш Жаныбек Абировго карата кылмыш ишин козгоого макулдук алуу үчүн Башкы прокурор киргизген сунушту карап, атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.
27-мартта Жаныбек Абиров жоопкерчиликти сезип жатканын айтып, депутаттык мандатын тапшыра тургандыгын билдирген. Анын арызы БШКда каралып, Абиров мандатынан ажыратылган.


