super.kg logo

БШК: "Шайлоо өнөктүгү учурунда одоно мыйзам бузуулар катталган жок"

 

№26 Ленин шайлоо округунда өтүп жаткан мөөнөтүнөн мурда шайлоонун өнөктүгүндө одоно мыйзам бузуулар катталган жок. Бул тууралуу БШК билдирет.

Кабарлангандай, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча БШКнын Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна жалпы беш арыз келип түшкөн. Анын үчөөсү шайлоо өнөктүгүнүн алкагында үгүт иштеринин шарттарын бузуулар жөнүндө, дагы эки арыз-даттануу шайлоочулардын добушун сатып алуу ыктымалдыгына байланыштуу экени айтылды.

Бардык арыздар өз компетенциясынын чегинде кароо жана укуктук баа берүү үчүн дароо укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн. Учурда бул арыздар боюнча укук коргоо органдары териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Бул шайлоодо мурдагы шайлоо өнөктүктөрүнө салыштырмалуу мыйзам бузуу фактылары кыйла аз катталганы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: