БШК: "Саат 16:00гө карата 11 миңден ашуун шайлоочу добуш берди"

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча саат 16:00гө карата добуш берүүгө келген адамдардын саны 11 миң 104тү, башкача айтканда, шайлоочулардын жалпы санынан 8,89 пайызды түздү.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоочулардын жалпы саны 124 миң 908 адамды түзөт.
Шайлоо участоктордун дарегин төмөнкүдөй билүүгө болот:
- 1255 же 119 телефондору аркылуу;
- 119 номерине PIN - паспорттогу жеке идентификациялык номерди көрсөтүү менен SMS жөнөтүү менен (акысыз);
- https://tizme.gov.kg/ сайтынан.
Эскерте кетсек, учурда Бишкектеги № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат. Анда 29 талапкер ат салышууда. Добуш берүү кечки саат 20:00дө аяктайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.