Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүү аяктады

Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүү аяктады.
Шайлоого келген адамдардын саны 17 миң 423тү, башкача айтканда, шайлоочулардын жалпы санынан 13,95 пайызды түздү. Аталган округда жалпысынан 124 миң 908 шайлоочу бар.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Дамира Ниязалиева 6 242 добуш менен алдыда келе жатат.
Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 29 талапкер ат салышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.