Ленин округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы: Алдыңкы үчтүктө кимдер?



Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке шайлоодо автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) эсеби боюнча Дамира Ниязалиева жеңүүчү деп табылды.
Учурда автоматтык эсептөөчү урналар добуштарды 100 пайыз санап бүттү.
Ага ылайык, Ниязалиева жалпы шайлоочулардын 35,83 пайыз же 6 242 адамдын добушун алды.
Ал эми экинчи сапты Улан Сариев 11,88 пайыз же 2 070 добуш менен ээлесе. Үчүнчү орунду Эртай Искаков 7,56 пайыз же 1317 добуш менен алды.
Белгилей кетсек, шайлоого келген адамдардын саны 17 миң 423тү, башкача айтканда, шайлоочулардын жалпы санынан 13,95 пайызды гана түздү. Аталган округда жалпысынан 124 миң 908 шайлоочу бар.
Видео
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.