super.kg logo

Абировдун ордуна депутат болуучу Ниязалиева тууралуу эмне белгилүү? Өмүр баяны

 

Кечээ, 28-майда өткөн Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке шайлоодо автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) эсеби боюнча Дамира Ниязалиева жеңүүчү деп табылды. Ал шайлоочулардын 35,83 пайыз же 6 242 адамдын добушун алды.

Дамира Ниязалиева 1960-жылы 22-январда Нарын облусунун Жумгал районундагы Арал айылында туулган. Үй-бүлөлүү, үч баланын энеси.

Жогорку билимдүү. 1982-жылы Алматы мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн.

Эмгек жолун 1982-жылы Токмок медициналык окуу жайында окутуучулуктан баштаган.

1983-1984-жылдары - Кыргыз медицина институтунун дары-дармек каражаттарынын технологиясы кафедрасынын окутуучусу;

1984-1986-жылдары - профсоюз комитетинин төрайымы;

1988-1992-жылдары - Токмок медициналык окуу жайынын фармакология боюнча окутуучусу;

1996-2007-жылдары - "Аманат" фирмасынын директору;

2007-жылы IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

2010-жылдын октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмеси боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы болгон.

2014-жылдын декабрь айында - КРнын вице-премьери;

2023-жылдын май айы - Бишкектин Ленин райондук округу боюнча Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланды.
Белгилей кетсек, шайлоодо азыркы эсеп боюнча 1 317 добуш менен үчүнчү болуп келген талапкер Эртай Искаков буга чейин Ниязалиеваны добуш сатып алууга айыптап чыккан. Ал бир нече адамдын акча санап отурган видеосун таратып, алар Ниязалиеванын тарапташтары экенин билдирген.
Ички иштер министрлиги териштирүү жүрүп жатканын маалымдап, бирок эч бир талапкердин ысымын атаган жок. Борбордук шайлоо комиссиясы мекемеге эреже бузуулар боюнча 9 арыз түшкөнүн, 6 кайрылууда айтылган маалыматтар тастыкталбаганын жана 3 арыз боюнча укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүп жатканын билдирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: