Ленин округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы: Ким канча добуш алды? (тизме)
Кечээ, 28-майда өткөн Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды.
Борбордук шайлоо комиссиясына автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) 100 пайыз маалыматы келип түштү. Ага ылайык, Дамира Ниязалиева жеңүүчү деп табылды.
Алдын ала эсеп боюнча ким канча добуш алганы төмөндө:
Дамира Ниязалиева - 6 242 добуш (35,83 пайыз);
Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгы добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде чыгарылат.
Буга чейин шайлоодо азыркы эсеп боюнча 1 317 добуш менен үчүнчү болуп келген талапкер Эртай Искаков буга чейин Ниязалиеваны добуш сатып алууга айыптап чыккан. Ал бир нече адамдын акча санап отурган видеосун таратып, алар Ниязалиеванын тарапташтары экенин билдирген.
Ички иштер министрлиги териштирүү жүрүп жатканын маалымдап, бирок эч бир талапкердин ысымын атаган жок. Борбордук шайлоо комиссиясы мекемеге эреже бузуулар боюнча 9 арыз түшкөнүн, 6 кайрылууда айтылган маалыматтар тастыкталбаганын жана 3 арыз боюнча укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүп жатканын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.