super.kg logo

Бишкекте гашиш сатууга шектүү кармалды

 

Бишкекте баңгизат сатууга шектелип Баткендин тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Ички иштер министрлигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында баңгизаттарды сатууну уюштурууга шектелген 1984-жылы туулган С.Т. кармалды.

"Шектүүнү кармоо жана ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда Toyota үлгүсүндөгү унаасынан баштыкка оролгон өзгөчө жыты бар зат табылып алынды. Экспертизанын корутундусуна ылайык, бул зат кочкул күрөң түстөгү каннабис чайыры (гашиш) экендиги аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши иликтенүүдө. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ошондой эле С.Т.нын ритуалдык ырым-жырымдарды жасап, алдоо жолу менен жарандардын мүлкүн ээлеп алганы жана айрым учурда аларды опузалап да жүргөнү кошумчаланды.

"Жогорудагы жарандан жабыр тарткандар ички иштер органдарына кайрылса же ИИМдин Кылмыш иликтөө кызматына 0 312 266 261 жана 0 703 204 080 номурлары аркылуу кабарласа болот", - деп билдирди мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.05.2023. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул көк меелер сакалдын наамын булгап бүтмөй болду!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: