Парламентте бала бакча иштетүү үчүн лицензия алуу нормасын жокко чыгаруу маселеси каралды
Бүгүн, 29-майдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.
Жыйында демилгечилердин бири депутат Жанар Акаев баяндама жасап, мыйзам долбоорунун негизги өзгөчөлүктөрүнө токтолду.
"Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча бала бакчага барган балдардын саны 24 пайызды түзөт. Ал эми калган 76 пайызы бала бакчага барышпайт. Бала бакчага баргандар менен барбаган балдардын билим деңгээли бир топ эле айырмаланып турат. Кыргызстанда бала бакча жетишсиз. Бала бакча ачам деген ишкер 14 жерден документ чогултуш керек. Ал анын баарын чогултуп жатып эле чарчап калат", - деди Акаев.
Ошондой эле ал мындай көйгөйдү коңшу Казакстан менен Өзбекстан бала бакча ачам дегендер үчүн лицензияны жокко чыгаруу менен чечишкенин белгиледи.
"Биз сунуштап жаткан мыйзамда да ушундай. Эгерде кимде-ким бала бакча ачам десе өрт өчүрүү кызматына жана Санитардык көзөмөлгө кабарлоо берет, анан Билим берүү министрлиги аркылуу мамлекеттик стандарт сакталат. Ушуга мисал катары, Сузакта бир ишкер эки кабаттуу хан сарайын бала бакчага бергенден кийин Экотехинспекция, ӨКМ жана башкалары келип текшере берип кайра жабууга аргасыз болгонун айтты. Учурда бала бакча ачам деген ишкерге шарт түзүп беришибиз керек", - деди эл өкүлү.
Жыйынтыгында “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорунун концепциясы сунуш пикирлерди эске алуу менен комитет депутаттары тарабынан жактырылып, биринчи окууда кабыл алуу үчүн Жогорку Кеңешке сунушталды.

