Лейлекте "Ак-Сарай" чек ара заставасы ачылды (сүрөт)












Кечээ, 28-майда Баткендин Лейлек районунда "Ак-Сарай" чек ара заставасы ачылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
"Жаңыдан курулган заставада чек арачылар үчүн зарыл болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Аскер кызматкерлерине жатакана, спорттук аянтча, балдар үчүн ойноо аянтчасы, мончо, унаа токтоочу жай жана башка күнүмдүк жашоо-шарты үчүн жана эң негизгиси мамлекеттик чек араны татыктуу коргоо үчүн зарыл болгон бардык шарттар толугу менен камсыздалган", - деп айтылат маалыматта.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арачыларды майрамы менен куттуктап, аскер кызматкерлери үчүн жасалып жаткан негизги жумуштар тууралуу учкай айтып өттү.
"Чек араны коргоодо коюлган талаптарды кынтыксыз аткаруу зарыл. Ал үчүн зарыл шарттарды түзүп берүү жагы мамлекет тарабынан мындан ары да улантылат", - дейт ал.
Аталган заставанын курулуш иштери 2011-жылы башталып, бирок ушул убакытка чейин бүтпөй келген. Өткөн жылы курулуш иштери жанданып, кыска аралыкта чек арачыларга пайдаланууга берилгени кошумчаланды.
