super.kg logo

Казакстанда вебкам-студия ачкан 24 жаштагы кыргызстандык жигит 12 жылга соттолду 

 

Казакстанда реалдуу убакыт режиминде интернет аркылуу порнография таратуу менен алектенген трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун уюштуруучусу 12 жылга соттолду. Бул тууралуу Казакстандын полициясы маалымдайт.

"Биринчи вебкам-студия 2021-жылы июлда табылып, 5 кыргыз, 5 казак жараны кармалган. Алардан 44 миң долларга жакын акча, Алматыдагы кыймылсыз мүлктөрү жана баңгизаты алынган", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, ири шаарларда ижарага алынган батирлерде ондон ашык вебкам-студия иштеп, чет өлкөлүк кардарлар менен баарлашууга котормочу-операторлор тартылган. Анда 50гө жакын кыз иштеп, анын ичинде эки кыздын жашы жете электиги аныкталган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, жумуш берүүчүлөр негизинен аз камсыз болгон үй-бүлөдөн чыккан, сырткы келбети жагымдуу кыздарга жогорку маяна убада кылуу менен жумушка чакырып жүрүшкөн.

2022-жылдын май айында тергөөчүлөр ишти айыптоо корутундусу менен сотко жөнөтүшкөн. Ал эми сот кылмыш ишинин материалдарын иликтеп чыгып, апрель айынын аягында айыпталуучуларга өкүм чыгарган.

"Трансулуттук топту уюштуруп, жетектеген 25 жаштагы кыргызстандык А.Ш. үй-мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми калгандары үч жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылды", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.05.2023. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
КРге келип иштебептир да. Каалагандай джип минип, кайрымдуулук кылып, кааласа МЧСтин учагында учуп, тиешелуу тармакты акча менен сатып алып, Аны коргон манкурт келе соолор мактап, карагылачы апасын сыйлайт деп суктанышып жатып калмак. Ой бул Арам акча баары десен, за то апасын сыйлайт дешип. Казактар камап салыптыр вебкамды, а биздин вебкамдын азыр Ыссык-Колду кечсе тизесинен, Ала- Тоону бойлосо киндигинен келип, каалаганын кылган учуру. Баарын сатып алганга дарамети жетип.
29.05.2023. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракелде Жайнак, эң туура пикир калтырыпсың
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: