"Ниязалиевага дагы добуш кошулуп". Ленин округундагы шайлоодо кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы чыкты
Кечээ, 28-майда өткөн Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгы жарыяланды.
Борбордук шайлоо комиссиясына кол менен эсептөөнүн жыйынтыктары 100 пайыз келип түштү. Ал автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) эсебинен дээрлик айырмаланган жок.
Ага ылайык, Дамира Ниязалиева жеңүүчү деп табылды. Ал АЭУнун эсеби боюнча 6 242 добуш алган эле, кол менен эсептөөдө ага 7 добуш кошулду.
Кол менен эсептөөнүн жыйынты боюнча ким канча добуш алганы төмөндө:
Дамира Ниязалиева - 6 249 добуш (35,86 пайыз);
Улан Сариев - 2 070 (11,88 пайыз);
Белгилей кетсек, шайлоого келген адамдардын саны 17 миң 425ти, башкача айтканда, шайлоочулардын жалпы санынан 13,95 пайызды гана түздү. Аталган округда жалпысынан 124 миң 908 шайлоочу бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.