super.kg logo
  Саясат  

Ленин округу боюнча шайлоо: Добуш сатып алуу боюнча кылмыш иши козголду

 

28-майда Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин арасында өткөн шайлоодо добуш сатып алуу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Бул факты боюнча 29-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси («Добуштарды сатып алуу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмыш ишине шектүү катары В.Р жана А.А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бишкек ШИИББи белгилегендей, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, кечээ, 29-майда соцтармакка Дамира Ниязалиевага таандык делген аудио тараган. Анда үгүттөөчү менен добуш сатып алуу тууралуу талкууланган. Ошол эле түнү талапкердин штабында укук коргоо органдары тарабынан тинтүү иштери жүрүп, эшигине мөөр басылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: