Президенттин Түптүн чиновниктерин урушуп жаткан видеосу тарады
Социалдык тармактарда Түп районунда Садыр Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн урушуп жаткан видео тарап жатат.
Белгилүү болгондой, окуя 30-майда түштөн кийин президент облуска барганда болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, президент аткаминерлерди көчөдөгү таштандылар жана туристтик сезонго даяр эместиги үчүн урушуп жемелеген.
Видеодон президенттин чиновниктердин бирине "Кабинетиңизде эмне кылып отурасыз?", – дегенин угууга болот.
Буга чейин Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Түп районунун акими Каныбек Адиевге сөгүш берген. Мындан сырткары Түп айыл өкмөтүнүн башчысына да сөгүш берүүнү тапшырган.
Эске сала кетсек, президент Ысык-Көл облусунда иш сапары менен кечээ, 30-майда барган. Анын алкагында жаңы эс алуу паркы пайдаланууга берилген.
Президенттин Түптүн чиновниктерин урушуп жаткан видеосу тарады

