super.kg logo

Түндүк Кореяда 2 жаштагы наристе өмүр бою эркинен ажыратылды

 

Түндүк кореялык жарандын үйүнөн “Библия” китеби табылгандыгы үчүн үй-бүлө мүчөлөрү өлүм жазасына тартылып, 2 жаштагы наристе өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, “Korea Future” көз карандысыз уюму эл аралык ишеним эркиндиги боюнча докладында 70 миңден ашуун жаран башка диндеги адамдар менен биргеликте өмүр бою эркинен ажыратылган. Алардын арасында 2 жаштагы наристе да бар. Уюмдун билдирүүсү боюнча окуя 2009-жылы болгон, эгер аталган наристе тирүү болсо, быйыл 16 жашка чыгат.

Буга чейин мамлекеттик кызматкердин үйүнөн да “Библия” китеби табылып, ал миңдеген жарандардын алдында дарга асылган.

Белгилей кетсек, Түндүк Корея Конституциясында жарандарга диний эркиндик бериле турганын жазган. Бирок эл аралык уюмдар мындай мыйзам иштебей турганын айтышууда. Буга чейин диний кылмыш боюнча кармалгандар ар кандай зордук-зомбулукка кабылышкан. Алардын 90 пайызы өмүр бою эркинен ажыратылган же болбосо өлүм жазасына тартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: