Атлантика океанынан мончок табылды. Ал "Титаник" тасмасында көрсөтүлгөн



Атлантика океанына чөгүп кеткен "Титаник" кемесинин калдыктарынын арасынан мончок табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, табылган мончок алтын менен жалатылган акуланын тиши болгон. Дал ушул зер буюм Жеймс Кэмерондун "Титаник" тасмасында "Океандын жүрөгү" деп көрсөтүлгөн.
Мончок океандын 4 чакырым тереңдигинде табылган. Суу астында жүрүүчү аппараттар буга чейин "Титаник" кемесинин айланасында 200 саатка чукул жүрүшүп, жүз миңдеген сүрөт тарткан. Дал ошол сүрөттөрдүн жардамы менен мончок табылган.
Изилдөөчүлөр эми мончоктун ээси ким болгонун аныктоого киришти.
Улуу Британия менен АКШнын ортосундагы келишимде чөгүп кеткен кемеден экспонаттарды алууга тыюу салынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-06-27
23:28
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.