super.kg logo

"Эшигиңерди ачып койсоңор дагы кирбейм". Мадумаров өзүнө коюлган айыпты сынга алды 

 

Бүгүн, 31-майда депутат Адахан Мадумаров өзүнө коюлуп жаткан айыптар боюнча маалымат жыйын берүүдө.

Жыйында Мадумаров өзүнө коюлган айыптарды кескин сынга алды.

"Мен дагы силер сыяктуу бүгүн залдан уктум. Мындай дейт да, 36-берене деп жатабы, адамдын атайылап кылмыш жасаганга каражаттарды же куралдарды изилдөөсү дейт. Ушул өлкөдө 30 жыл деп айткандан бери "Конституцияны бузбагыла, Конституциянын алкагында жашагыла" деп менчелик кыйкырган киши болбосо керек. Конституциялык Сот дагы менчелик Конституцияга чакырбаса керек.

Эми мындай, бул беренелерди мындай эле коёлу. 278-берене деп айтты дейт массалык башаламандыктар деген. Эми аман эле болушсун. Бийликти күч менен басып алуу дейт, мен канча жолу айтам эшигиңди ачып, сүйрөсөң дагы кирбейм. Өздөрү айтып жатпайбы "Мадумаровго канча сунуш кылдык, такыр болбой жатат" деп. Анан кантип бийликти күч менен басып алам. Чакырса барбаган жерге күч колдонуп барамбы?", - деди Мадумаров.

Ошондой эле Мадумаров бул 100 пайыздан дагы көп саясий буйрук экенин айтты.

Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуш киргизгендигин билдирген.

Андан кийин бул боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.






Мадумаров өзүнө коюлган айыпты кескин сынга алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: