Дагестанда чиновникти атып кетишти (видео)
Дагестандын Дербент районундагы Рубас айылынын башчысы Гаджикурбан Байрамбеговду атып кетишти. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы жазды.
Маалыматка ылайык, чиновник жергиликтүү администрациянын имаратынан чыгып баратканда өлтүрүлгөн. Байрамбеговду аткан адам унаасы менен качып кеткен. Кийинчерээк ал полиция кызматы тарабынан кармалды.
Ал укук коргоо кызматкерлерине Байрамбегов менен кыймылсыз мүлккө байланыштуу чырдашып келгенин айткан. Шектүүнүн айтымында, айыл башчы менен анын ортосундагы талаш көптөн бери жаралып келген жана аны тынчтык жолу менен чечүү мүмкүн болгон эмес.
Учурда айыл башчысын аткан адам кармалып, тергөө иштери жүрүүдө.
Дагестанда чиновникти атып кетишти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:17
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.