super.kg logo

Июнь окуясында милициянын подполковнигин мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелгендер кармалды (видео) 

 

2010-жылдагы июнь окуясында ИИМдин кызматкерин өлтүрүүгө шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Кабарлангандай, ушул жылдын 27-майында атайын кызмат тарабынан Сузак районунун аймагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары 1984-жылы туулган И.Ш. жана 1977-жылы туулган Ж.А. аттуу Кыргыз жарандары кармалды.

Алар 2010-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунда болгон массалык баш аламандыкка активдүү катышканы, ошондой эле милициянын подполковнигин Сузак районундагы Сузак айылында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкандыгы аныкталды.

Бирок 2010-2011-жылдары тергөө учурунда алардын өздүгү аныкталбай калган.

Кайра козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандар тергөө абагына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген 2010-жылдын июнь окуяларынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Атайын кызматы 2010-жылдын июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын эскертет.

Кошумчалай кетсек, 2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улуттар аралык кагылышуу чыгып, 400дөн ашуун адам курман болгон.






 2010-жылдагы июнь окуясында милициянын подполковнигин мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелгендер кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.06.2023. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Издеп таап, жазасын бергегиңер жакшы, эртеби кечпи жоопкерчилик болооруна ишеним артат. Бирок улут аралык мамилелер жөнүндөгү кылмыштарды жашыруун эле бүтүргөн жакшы беле деймин да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: