КРнын Башкы прокурору Аида Салянова Түркияга иш сапары менен барып келди
Ушул жылдын 2-5-декабрь күндөрү Түркия өлкөсүнүн Башкы прокурору Эрбил Хасандын чакыруусу менен КРнын Башкы прокурору Аида Салянова аталган өлкөдө иш сапары менен болду. Бул сапардын максаты - мындан аркы алакаларды бекемдөө, эки өлкөнүн прокуратура кызматкерлери ортосунда тажрыйба алмашуу. 4-декабрда Түркиянын Башкы прокуратурасы менен КРнын Башкы прокуратурасынын ортосунда өз ара түшүнүшүү боюнча Меморандумга кол коюлду. Аида Салянова иш сапар маалында бир катар жолугушууларды өткөрдү, анын катарында КРнын Түркиядагы элчилигинин өкүлдөрү менен болгон жолугушуу дагы бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

