super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеш башталды

 

Бүгүн, 1-июнда Бишкекте грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Р.Санатбаев атындагы Дүйнөлүк рейтингдик мелдештер башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке 20дан ашык өлкөдөн 500дөй спортчу катышууда.

Бүгүн грек рим күрөшү боюнча беттештер өтүп, 55, 60, 63,67, 87,97 жана 130 килограмм салмак категориясындагы балбандар күч сынашат.

Кыргызстандан чыга турган балбандар:

- 55 килограмм салмак ченинде - Таалай Бейшенбек уулу;

- 60 килограмм салмак ченинде - Афтандил Таалайбек уулу, Балбай Дордоков жана Акыл Сулайманов;

- 63 килограмм салмак ченинде - Баяман Каримов, Дастан Кадыров;

- 67 килограмм салмак ченинде - Амантур Исмаилов, Тынар Шаршенбеков жана Аманат Самат уулу;

- 87 килограмм салмак ченинде - Азат Салидинов, Калидин Асыкеев жана Мелис Айтбеков;

- 97 килограмм салмак ченинде - Үзүр Жузупбеков, Бексулат Махмудов, Артык Орозбеков.

Белгилей кетсек, мелдеш күн сайын саат 10:30да, ал эми финалдык беттештер 18:00до башталат.






Жогорку Кеңеш 01.06.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: