super.kg logo
  Саясат  

"Бул сыйлабастык!". Өмүрзаков Конституциялык соттун жооп беришин талап кылды

 
Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүн Өмүрзаков Конституциялык сот парламентке келип чыгарган чечими боюнча түшүндүрмө беришин талап кылды.
Анын алдында Жанар Акаев Конституциялык сот депутаттарды Жогорку Кеңештин макулдугусуз эле кылмыш жоопкерчилигине тартууга болот деген бүтүм чыгарганын билдирип, төрагасын кызматынан кетиши керектигин айтып, эл өкүлдөрүн бул маселеге көңул бурууга чакырган.
Өмүрзаков кесиптешинин пикирин кубаттап, кийинки аптада парламентке Конституциялык соттун төрагасын, чечим чыгарган судьяны чакырып, алардын түшүндүрмөсүн угууну сунуштады.
"Баш мыйзам, регламент эмне болот? Алар каалагандай чечим чыгара береби? Көбү мыйзамды ушундай резина кылып койгон да, каалаган жакка тарта берсе болот деп. Бирок андай эмес. Баш мыйзамды сыйлабаганы үчүн жооп бериши керек. Бир адам арыз жазып койсо каалагандай чечим чыгара береби? Депутат - эл тарабынан шайланып келген өкүл. Бул сыйлабастык. Келерки шаршемби күнү бул жакка келип жооп берсин!" - деди Өмүрзаков.
Ошондой эле ал өлкөдө мыйзам сакталмайынча, туруктуулук болбой турганын кошумчалады.





Жогорку Кеңеш 01.06.23.

Жогорку Кеңеш 01.06.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: