"Орусия Кыргызстанга 9 мектеп салып берет". Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун колдоду

Жыйында баяндама жасаган билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Усеков белгилегендей, макулдашууда өлкөнүн бардык облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында ар бири 1 224 окуучуга ылайыкташтырылган 9 биргелешкен кыргыз-орус жалпы билим берүү уюмдарын этап-этабы менен куруу каралган. Ошондой эле ал мектептерде Кыргызстан менен Орусиянын билим берүү стандарттарына ылайык окутулуп, бүткөндө эки өлкөнүн аттестаттары берилерин билдирди.
Мындан сырткары министрдин орун басары быйыл Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларында бирден мектептин курулуш иштерин баштоо пландалып жатканын айтты. Жыл сайын үчтөн мектеп салынып турат, биринчи үч мектеп 2025-жылы ишке киргизилет. Тогуз мектептин баары бирдей стандарт менен курулат. Алардын ар бирине кеминде үч гектардан жер бөлүнгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

Рейтинг:
0

