super.kg logo

Жер титирөөдөн аман калган түркиялык 5 жашар бала табышмактуу түрдө Нидерландыдан табылды

 

Түркияда болгон жер титирөөдөн аман калган кичинекей бала Нидерланды өлкөсүнөн табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 5 жашар баланын көчөдө кароосуз жүргөнүн Нидерландынын Маастрихт шаарынын полициясы байкап калган. Укук коргоо органдары бала менен сүйлөшө албай, аны таттууларды саткан дүкөнгө, андан кийин полиция бөлүмүнө алып барышкан.

Полиция бөлүмүнөн түрк тилин билген кызматкер бала менен сүйлөшкөн. Анда 5 жашар бала ата-энеси Түркияда экенин жана алар жер титирөөдөн жапа чеккенин айткан.

Баланын ата-энеси жашаган Кахраманмараш провинциясы Нидерландыдан 3000 чакырым алыстыкта ​жайгашкан.

Бала социалдык кызматка өткөрүлүп, балдар үйүнө жайгаштырылды. Анын башка өлкөдө кантип жалгыз калганы белгисиз.

Түркиянын Гаагадагы элчилиги Нидерландынын Тышкы иштер министрлигинен бул маселе боюнча түшүндүрмө берүүнү суранды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: