super.kg logo

Ырчы Нурчолпон ага полковник ыдык көрсөткөнүн айтып чыкты

 

Ырчы Нурчолпон аскердик иш-чаралардын биринде полковник тарабынан ыдык мамилеге дуушар болгонун видео-кайрылуу аркылуу айтып чыкты. Видеону ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.

“Мен борбордук аскер үйүндө иштечүмүн. Биз ар кандай аскердик иш-чараларда концерт уюштурчубуз. Ошондой иш-чаралардын биринде бир полковник ыдык көрсөтүп, тийишип, мажбурлап кармоого аракет кылды. Анын офицер кесиптештери да тийишүүгө аракет кылып, жолумду тосушту. Арасындагы бир дагы аскер кызматындагы аялдар ортого түшкөн жок, себеби ал полковник болчу да. Жадакалса, биз үчүн жооптуу болгон командирлер да үнсүз гана карап турушту. Мындай көрүнүштү токтоткон жалгыз адам кесиптешим Ильяс Андаш болду. Иш-чарадан кийин башка офицерге барып арыздандым. Ал жылмайып: “Силер биздин көңүлүбүздү ачуу үчүн келгенсиңер , көңүлүбүздү ачкыла да анда” деп койду”, - деди Нурчолпон.

Ошондой эле ырчы иш-чарадан кайтып жатканда, башка кесиптештери мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жатпаганын, алар да мындан дагы терс көрүнүштөр болуп тураарын айтышкан. Бирок аларга жумуш керек болгондуктан арызданбаганын кошумчалаган.

Окуядан кийин ырчы айым арыз жазган, кийин күнөөлүү тарап кечирим сураган.

“Жыйынтыктап айтканда, мен бул окуядан мындай жыйынтык чыгардым. Биринчиден, өзүн сыйлоо жана сени сыйлаган жерде иштөө керек. Экинчиден, жеке принциптердин курмандыгы болбоого аракет кылуу зарыл. Менин принцибим мекениме кызмат кылуу болчу, бирок бул сенин коопсуздугуңа каршы келсе, ал ага татыбайт. Мекенге музыкант катары кызмат кылууну мен Японияда да кыла алам. Баарына музыка”, - дейт Нурчолпон.






Ырчы Нурчолпон ага полковник ыдык көрсөткөнүн айтып чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: