super.kg logo
  Саясат  

Сулайманов Орусия куруп бере турган мектептердеги тил маселесин көтөрдү

 

Бүгүн, 1-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов Орусия куруп бере турган мектептердеги кыргыз тил маселесин көтөрдү.

Эл өкүлү жыйында баяндама жасаган билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Усековдон билим берүү кайсы тилде болорун сурады.

“Келечекте маселе жаралбашы үчүн кандай шарт киргизип жатасыңар? Мектеп куруп берем десе эле “ураалап” кетип калбашыбыз керек. Кыргыз тилин дагы унутпашыңар керек. Ошол маселени кандай чечип жатасыңар”, - деп сурады депутат.

Ага министрдин орун басары негизинен орус тилинде окутуларын, бирок эки өлкөнүн билим берүү стандарттарына ылайык кыргыз тили дагы киргизилерин айтты.

"Мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык өзүбүздүн дагы сабактарды киргизебиз. “Кыргыз тили", "Кыргыз адабияты”, “Кыргызстандын тарыхы” жана “Манас таануу” сабагын киргизүү сунуштап жатабыз. Эки мамлекеттин биргелешкен комиссиясы түзүлүп, бардык предметтер боюнча дагы талкуу болот", - деди Усеков.

Депутат Камила Талиева эки өлкөнүн эмес, бир гана мамлекеттин билим берүү программасы киргизилиши керек деген пикирин билдирди.

Талкуунун жыйынтыгында биргелешкен кыргыз-орус мектептерин куруу боюнча макулдашуу үч окууда кабыл алынды.






Жогорку Кеңеш 01.06.23.

Жогорку Кеңеш 01.06.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: