1 миллион сомдук сүйүнчү акча берилип... "Ала-Тоо" аянтында майрамга карата концерт өтүп жатат (фото)
Бүгүн, 1-июнда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Балдарды коргоонун эл аралык майрамына карата иш-чаралар өтүп жатат. Майрамдын шаңына бөлөнгөн бөбөктөр, жеткинчектер жана алардын ата-энелери учурда майрамдык концертке күбө болушууда.
Иш-чаранын башында борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров балдарды бүгүнкү майрамы менен куттуктап, чын ден соолук, узун өмүр каалап кетти. Мындан тышкары Жогорку технологиялык паркынын өкүлдөрү D Billions чыгармачыл тобуна 1 миллион сомдук сүйүнчү акчанын сертификатын тапшырды.
Мындан тышкары саамалыкка Индия, Башкортостан жана башка өлкөлөрдөн келген коноктор өнөрлөрүн тартуулап жатат.
"Ала-Тоо" аянтында майрамга карата концерт өтүп жатат
видео
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:07
2025-11-20
18:19
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















