super.kg logo

"Атасынын машинасын уруксатсыз айдап кеткен". Ошто жол кырсыгынан үч өспүрүм каза тапты

 

Ошто үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-июнга караган түнү саат 02:00 чамасында Ош шаарына караштуу Озгур айылынын Тотоев көчөсүндө айдоочу Хонда-фит үлгүсүндөгү унааны башкара албай, жолго жакын аккан каналга түшүп кеткен. Натыйжада кырсыктан машинадагы айдоочу жана эки жүргүнчү каза болгон.

Алар:

  • 2006-жылы туулган Озгур айылынын тургуну, Кара-Суу районунун "Ак-Буура" мектебинин бүтүрүүчүсү Т.Б. Тергөөнүн алгачкы маалыматына ылайык, рулда болгон;
  • 2008-жылы туулган Озгур айылынын тургуну, Ош шаарынын Алымкулов атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Т.К.;
  • Ноокат районунун тургуну Калдай айылынын 2008-жылы туулган тургуну, мектеп окуучусу К.Н. Ал каза болгон Т.К.нын үйүнө келген.


Алгачкы тергөөнүн маалыматына караганда, каза болгон Кара-Суу районунун тургуну 2006-жылы туулган Т.Б. атасына таандык болгон Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаасын уруксатсыз үйдөн айдап чыгып, Озгур айылынын Тотоев көчөсү аркылуу күн батыштан чыгыш тарапты көздөй айдап бара жатып, жол бойлой шар аккан каналга унааны башкара албай түшүп кеткен.

Учурда бул факты боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: