Бишкек троллейбус башкармалыгы өзүнүн каражатынан 8 троллейбусту оңдоп-түзөөдөн өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган башкармалык өзүнүн эсебинен эксплуатациядан чыгып калган 8 бирдик троллейбуска капиталдык ремонт жүргүзгөн. Учурда троллейбустардын баары шаар тургундарына кызмат кылууда.
Мындан тышкары, кечээ, 1-июнда борбор калаанын мэринин орун басары Муратбек Осмонов Бишкек троллейбус башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Тактап айтканда, башкармалыктын башчысы ишкананын бардык бөлүмдөрү менен тааныштырды.
Белгилей кетсек, эксплуатациядан чыгып калган 8 троллейбус 5 жылдан 8 жылга чейин башкармалыкта туруп калган.