Депутаттарды нааразы кылган Конституциялык соттун төрагасы ким? Өскөнбаев тууралуу кызыктар
Кечээ, 1-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Конституциялык соттун төрагасы кызматынан кетиши керектигин айтты. Ага негиз катары Конституциялык сот депутаттарды Жогорку Кеңештин макулдугусуз эле кылмыш жоопкерчилигине тартууга болот деген бүтүм чыгарганын билдирип, мындай чечимге нааразы болду.
Акаевдин пикирин кесиптеши Сүйүн Өмүрзаков да кубаттап, кийинки аптада парламентке Конституциялык соттун төрагасын, чечим чыгарган судьяны чакырып, алардын түшүндүрмөсүн угууну сунуштады. Андан күн мурун Башкы прокуратура парламентке Адахан Мадумаровду жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуш киргизгени маалым болгон.
SUPER.KG порталы бул жолу мурда коомчулукка көп деле угула бербеген, соңку күндөрү эл өкүлдөрүнүн нааразычылыгын жараткан Конституциялык сот жана анын төрагасы тууралуу айтып берет.
Конституциялык сот – Кыргызстанда Конституцияны коргоо боюнча сот бийлигинин жогорку органы болуп саналат. Ал конституциялык көзөмөлдү ишке ашыруу менен бирге аны чечмелөөгө, саясий партиялардын ишмердүүлүгүн Баш мыйзамга ылайыктуулугу тууралуу маселени чечүүгө, компетенциялар тууралуу талаштарды кароого укуктуу.
Учурда Конституциялык соттун төрагалыгын Эмил Өскөнбаев аркалайт. Ал аталган кызматка 2022-жылдын 2-февралында келген.
Эмил Өскөнбаев 1964-жылы 1-январда Нарын шаарында туулган. 1981-жылы Чкалов атындагы №2 орто мектепти аяктаган, 1986-жылы Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1986-жылы Тянь-Шань районунун сотунда стажёр катары баштаган.
1987-жылы Кочкор районунун прокурорунун жардамчысы, республикалык прокуратуранын тергөө башкармалыгынын прокурору, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун прокурорунун орун басары, Башкы прокурордун өзгөчө буйруктар боюнча улук жардамчысы болуп эмгектенген.
1993-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы, кийин аппараттын жетекчиси болуп иштеген.
1995-жылы Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы аракеттери ийгиликсиз аяктагандыктан мамлекеттик кызматтан өз ыктыяры менен кеткен.
1999-жылы катарлаштары менен биргелешип "Паритет" адвокаттык конторасын негиздеген жана ал жерде 2011-жылга чейин башкы директор болуп эмгектенген.
2011-жылы Жогорку сотунун Конституциялык палатасында судья, 2019-жылы Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасынын орун басары кызматын аркалаган.
Эмил Өсөнбаев- Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи, Жогорку квалификациялык класстагы судья. Жогорку соттун сайтында Өскөнбаевдин философия, музыка жана спортко кызыга турганы жазылган.
Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын атасы.
Көпчүлүккө Эмил Өскөнбаев 2016-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыкканы менен белгилүү. Ал Конституциялык палата Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү колдогон учурда 11 соттун арасынан жалгыз каршы чыгып, "Конституция кол тийгис бойдон калышы керек" деп айтып чыккан.

