super.kg logo

Бишкектеги дагы кайсы көчөлөргө асфальт төшөлөт? Мэрия жооп берди

 

Койташ чолок көчөсүндө Ахунбаев көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейин жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көчөлөргө толугу менен асфальт төшөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Бишкек мэриясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Койташ чолок көчөсүндө, Ахунбаев көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейин жөө жүргүнчүлөр үчүн асфальт төшөлдү. Мындан тышкары тосмо таштары жаңыланып, ирригациялык системасы орнотулду.

Белгилей кетсек, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы 2 көчөдө жолдун капиталдык курулушун бүтүрүп, 8 участокто оңдоо иштерин улантууда.

* Сыдыков көчөсүн бойлото Жаш Гвардия бульварынан Калык Акиев көчөсүнө чейинки аралыкта жол жана тротуардын курулушу бүткөрүлүп, ирригация системасы орнотулуп, тиешелүү жол белгилерин орнотуу менен жол сызыктары түшүрүлүүдө.

* Көлмө конушундагы Мыскал көчөсү боюнча Махатма Ганди көчөсүнөн Теңдик көчөсүнө чейин тротуарды иретке келтирүү иштери жүрүп, көпүрөдө жөө жүргүнчүлөр үчүн зоналар курулууда.

* Менделеев көчөсүн бойлой №153 Б үйдөн 139 Б үйгө чейин ирригация орнотуу иштери уланууда.

* Лотокторду орнотуу иштери аяктагандан кийин, туурасы 6 метрди түзгөн жолдун жүрүүчү бөлүгүндө кыртышын даярдоо иштери башталат.

* Ленск көчөсүндөгү тротуарды жана жолду капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери кызуу жүрүп жатат. Фучик көчөсүнөн ЧЧКга чейинки 1050 погондук метрди түзгөн жол жана эки тарабында тротуары салынат.

* Ч.Айтматов проспектисин бойлой эстакада жолундагы жөө адамдар өтүүчү жолду асфальтка даярдоо иштери журүүдө.

* Орозбеков көчөсүн бойлой Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин жол бордюрларын орнотуу иштери жүрүп жатат.

* Пархоменко көчөсүн бойлой Фрунзе көчөсүнөн Салиева көчөсүнө чейин жолдун жээгиндеги жерди тегиздөө иштери өткөрүлүүдө.

* Алыбаев көчөсүндөгү узундугу 1050 погондук метрди түзгөн жолду жана тротуарды капиталдык оңдоо иштери башталды.

* Осмонов көчөсүнөн Кривоносов көчөсүнө чейинки эски асфальтты кыруу иштери жүрүп жатат.

* Керченский чолок көчөсүндөгү Элебесов көчөсүнөн Дачная-Керченская тилкесине чейин 720 метрге ирригация системасын орнотууга даярдыктар көрүлүүдө.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: