super.kg logo

Аймактарга зымдуу интернет – Saima Telecom жаңы камтуу аймактары

 

Кыргызстанда кызуу мезгил – туристтик сезон башталды. Жакында бизге жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн миңдеген коноктор келе баштайт.

Ар бир турист үчүн ылдам интернет – бул must have жана эс алуу жерин тандоодо негизги критерийлердин бири. Андыктан конок үйүнүн аймагында туруктуу Wi-Fi сигналын камсыздоо – эс алуу үйлөрүнүн кожоюндарынын башкы милдети. Кыргызстандыктардын турак-жайларында туруктуу интернет-байланышты жөнгө салууда Saima Telecom жардамчы боло алат.

Шаарларга жана айылдарга интернет

Saima Telecom техникалык директору Юлия Зарубинанын айтымында, Кыргызстанда Saima зымдуу интернети республиканын калктуу ири конуштарынын дээрлик баарында жеткиликтүү. 2023-жылдын башынан бери санариптик теңсиздикти жоюу программасы боюнча чакан калктуу пункттарда иштер активдештирилди. Туристтик аймактарда интернетке туташтыруу алдыга озуп чыгуу менен ишке ашырылууда. Жаңы аймактарды, анын ичинде төмөнкү калктуу пункттарды камтыган була-оптикалык түйүндүн курулушу аяктады:

  • Бишкектин Ала-Тоо, Биримдик-Кут, Мурас-Ордо конуштары;
  • Чүй областынын Александровка, Озерное, Садовое, Станционное, ГЭС-3 айылдары;
  • Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаары, Бөкөнбаев, Төрт-Күл, Барскоон, Бактуу-Долоноту айылдары;
  • Нарын областынын Исакеев (Большевик) айылы;
  • Жалал-Абад областынын Жалал-Абад шаары, 1-Май, Кызыл-Октябрь, Абдраимов, Советское, Аук айылдары;
  • Ош областынын Ноокат шаары, Арек, Бирлешкен (Кыргызстан), Жаңы-Арык, Забдор, Нариман, Нурдар, Төлөйкен айылдары;
  • Баткен областынын Караван айылы.

Интернет + ТВ болгону 580 сомго (алгачкы 3 ай)

100 Мбит/сек чейинки жогорку ылдамдыктагы интернетти акция менен кошуп алыңыз. Сизге акысыз ТВ-приставка жана 200дөн ашуун ТВ-канал, START жана О!Кино үй кинотеатрлары, түз эле телевизордон YouYube менен интернет-браузерге кирүү мүмкүндүгү камтылган кошумча кызматтардын топтому берилет. Кененирээк saimatelecom.kg сайтында.

Өздүк эсепти түз эле «Мой О!» тиркемесинен башкаруу – балансты Call-centre менен байланышпай туруп билүү же абоненттик төлөмдү «О!Деньги» капчыгы аркылуу төлөө мүмкүндүгү абдан ыңгайлуу.

Кошууга өтүнмө калтыруу үчүн

0708 909 000 номерине чалыңыз же WhatsApp/Telegram аркылуу жазыңыз, операторлор күнү-түнү иштейт.
• же болбосо кошуу үчүн өтүнмөнү saimatelecom.kg сайтынан, O!Store дүкөндөрүнүн биринен же «Мой О!» тиркемесиндеги Saima Telecom бөлүмүнөн калтырыңыз.

Saima Telecom – ылдам интернет менен санарип телевидениенин ишенимдүү провайдери. 26 жылдык ишмердүүлүк жолунда компания өзүн жаңы жабдуулар менен технологияларга үзгүлтүксүз инвестиция жумшап турган туруктуу жана жоопкерчиликтүү байланыш оператору катары көрсөтө алды.

КР МБТМК караштуу МБА № 03-292-КР лицензиясы. «О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: