super.kg logo

"Торпогун куткарам деп". Базар-Коргондо 18 жаштагы жигит каналдагы сууга агып кетти

 

Базар-Коргондо 18 жаштагы жаран каналдагы сууга агып каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-май күнү Базар-Коргон районунун 2005-жылы туулган тургуну айылдын ичин аралап агып өткөн каналга түшүп кеткен торпогун куткарам деп өзү сууга чөгүп каза болуп калган.

"Базар-Коргон РИИБинин кызматкерлери жансыз денеге сырттан кароо жүргүзгөн учурда денесинде шек жараткан жаракаттар байкалган эмес. Каза болгон жигиттин жакындары эч кимге доосу жок экендигин айтышып, арыз жазуудан жана жансыз денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: