super.kg logo
  Саясат  

Чолпон-Атадагы саммит: Садыр Жапаров өлкө лидерлерине платформа түзүүнү сунуштады

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия Мамлекет башчыларынын Европа Кеңешинин президенти менен экинчи жолугушуусунда транспорттук түзүмдөрдүн башчыларынын деңгээлинде Европа Бирлиги – Борбор Азия форматында өз ара аракеттенүүнүн туруктуу иштей турган платформасын түзүүнү сунуш кылды.

Мамлекет башчысы Борбор Азия стратегиялык жайгашуусу менен Улуу Жибек жолунун кайра жаралуусу үчүн чоң потенциалга ээ экенин, муну менен Европа менен Азияны бириктирүүчү хаб болууга мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.

“Бул эки регионго тең пайда алып келеринде шек жок. Туруктуу транспорттук байланыштар боюнча демилгени ишке ашыруу үчүн Өкмөт башчылары жана Еврокомиссиянын вице-президенти Алматыда өткөн форумда европалык мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн финансылык дараметин активдүү тартуу менен транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүүгө инвестиция тартуу боюнча биринчи кезекте жол картасын макулдашуу жөнүндө өз ара түшүнүүгө келишкен. Мындан улам, бул чөйрөдө кызматташууну натыйжалуу илгерилетүү үчүн транспорттук түзүмдөрдүн башчыларыны н де гээлинде Европа Бирлиги – Борбор Азия форматында өз ара аракеттенүүнүн туруктуу иштей турган платформаны түзүү сунушун киргизип жатам. Дүйнөдөгү азыркы курч геосаясий кырдаалга жана жаңы чакырыктардын пайда болушуна карабастан, Борбор Азиянын экономикасы кыйла туруктуу болуп чыкты жана өнүгүүсүн улантып жатат. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын аналитиктери тарабынан Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасынын өсүүсү боюнча мурда жасалган божомолдор жогорулоо жагына кайра каралууда”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: