super.kg logo

"Балким, нокаут". Володимир Зеленський Виталий Кличко жоопко тартылышы мүмкүн экенин кыйытты

 

Украинанын президенти Володимир Зеленський баш калаада адамдар жабык бомбадан улам каза тапканы ырасталса, ага шаар бийлиги жооп берерин айтты. Бул тууралуу ал Молдовадагы саммиттен кийин журналисттерге айткан.

Молдовада өткөн саммиттен кийин журналисттер Зеленськийден шаарга жасалган соккудан жабык баш калкалоочу жайдагы үч Киевдин тургуну каза тапканы тууралуу маалымат тастыкталса, ким жооп берерин сурашкан.

"Баары жооп берет, реакция катуу болот. Балким, нокаут", - деген Зеленський.

Көпчүлүк саясий серепчилер Зеленськийдин бул сөзү Киевдин мэри Виталий Кличкого түздөн-түз тиешелүү экенин айтып чыгышты.

Буга чейин Украинанын коопсуздук күчтөрү аба чабуулу жарыяланып жаткан учурда Киевде баш калкалоочу жай ачылбаганын аныктап, тинтүү жүргүзгөн. Кийинчерээк аны ачпаган кароолчу камакка алынган. Андан кийин прокуратура менен полиция кызматы Киевдин администрациясында бомбадан баш калкалоочу жайлардын жабылышына байланыштуу жергиликтүү тургундардын арыздарын алышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: